О банке Филиальная сеть Реквизиты Новости ФинансКредитБанкОбратная связь

Биринчи жолу! Белектер - Бишкек ш. БАТИР жана ДУБАЙга жолдомо!

СуперИнфо, №588, февраль 2014-жыл

ФинансКредитБанк мезгил сыноосунан ийгиликтүү өттү. Кыргызстандын банк системасында кынтыксыз 8 жыл иштеген бул банк аркылуу ишенимдүү өнөктөштүн имиджин бекемдешти. Туруктуу кардарлар өзүнүн банкын бир гана ишеними үчүн эмес, заманбап банктык продукттар жана кызматтары үчүн жактырышат. ФинансКредитБанк акыркы 5 жыл аралыгында өткөргөн байгелүү акциялар анын визиттик карточкасы болуп калды. Жыйынтык чыгаруу баналдуу формалдуулук гана эмес, банктын бардык кардарлары күткөн чыныгы майрам болуп баратат.

Жыл бою өткөрүлгөн акча которуу боюнча акциянын башкы жеңүүчүлөрүн сыйлоону да эстен чыгарышкан жок. Банктын Бишкек, Ош жана Аравандагы филиалдарына мындай жагымдуу жаңылыгы менен куттуктоо үчүн жеңүүчүлөрдүн жакындары жана туугандары, ошондой эле акциянын бардык жүрүшүндө ага активдүү катышкандар, ай арасындагы акчалай сыйлыкка ээ болгон жеңүүчүлөр жана жаңы кардарлар келишти. Бул күнү акциянын башкы байгесин – акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

ФинансКредитБанк бир нече жылдан бери өзүнүн туруктуу партнерлору менен тыгыз иштеп келатат. Банктын камкордугун ар кандай акциялардын катышуучулары болгон кардарлардан сырткары согуштун ардагерлери, пенсионер-салымчылар да сезип, банктын кызматкерлеринин көңүл сыртында калбасын билишет. Бизнес чөйрөсүндө мындай иш-чаралардын баары “компанияга кардарлардын ишеним артуусунун жогорулагыны” деп айтылат.

Социалдык жоопкерчилик” деген түшүнүк банктын жетекчилигинин жумушундагы приоритеттеринин бири.

Банк быйылкы жылга да кардарлары үчүн которуулар боюнча эки акцияны өткөрүүнү пландады: которуунун бардык системалары боюнча (алардын саны банкта 14тү түзөт) жана “Юнистрим” системасы боюнча өзүнчө. Өткөрүү мөөнөтү – 2014-жылдын 1-февралынан 31-декабрга чейин. Шарттары жөнөкөй: ар бир филиалда же ФинансКредитБанктын аманат кассасынан акча которуу жөнөтүп, же кабыл алып, упай топтоо менен эки акциянын бирисинин жеңүүчүсү болуу. Быйылкы жылдын башкы белектери дайымкыдай – уникалдуу! Алардын уникалдуулугу мындай белектерди Кыргызстандагы банктардын ичинен эч кимиси көрсөтпөгөндүгү! “Юнистрим” системасынын акциясы боюнча - Бишкек шаарынан батир үй жана  которуунун бардык системаларынын акциясы боюнча башкы белек -Дубайга эки кишилик жолдомо!

ФинансКредитБанк дайыма өз кардарларын кубантып келет, алар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен жаңы кызыктуу сунуштарды берүү аркылуу улам жаңы мүмкүнчүлүктөр жолун ачат. Мисалы, 1-февралдан тарта банк кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды ылдыйлатты. “Керектөөчү” кредит эми жылдык 22 пайыздык ставка менен, ал эми “Бизнес” кредитин жылдык 18 пайыздык ставка менен алууга болот. Ошондой эле банк кардарларына жаңы продуктту сунуштайт – ал жылдык 17 пайыздык ставка менен кыймылсыз мүлк алуу үчүн “Ипотека” кредит болуп саналат.

Эгер кардар өз капиталын сактагысы келсе же көбөйтүүнү кааласа ФинансКредитБанктын абдан ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланса болот. Мисалы, депозиттерди сактоо, пайыздык үстөккө коюу сыяктуу. Банк ар бир кардардын талабына жооп бере тургандай иштөөгө аракет кылат. Ошондуктан анын жогоруда аталган кызматтарына кардарлар тарабынан талаптар жогорулап жатат. Пайыздык үстөктү көбөйтүү юридикалык жактарга да, жеке жактарга да ылайыкташтырылган.

Көптөгөн адамдарда бүгүнкү күндө “Банк канчалык деңгээлде ишенимдүү” деген башкы суроо бар. Биз аны банктын Башкармачылыгынын Торагасы Жоробеков. А. жоноттук.

- ФинансКредитБанктын ишенимдүүлүгү бир гана финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүүсү менен камсыздалбайт. Бул жерде өбөлгө түзүүчү башка жагдайлар бар. Алар- филиалдардын жана аманат кассаларынын тармактары, көп сандагы кардардык базасынын болуусу, ыңгайлуу шарттары бар жаңы продукттарды ишке киргизүү, сапатты жакшыртуу жана тейлөөнүн ылдамдыгы.

Биз ар бир кардарыбыз үчүн кубанычтабыз жана бардык партнерлорубуз каалоо айтуу менен бирге элибизге тынчылык, аманчылык каалайбыз. Кирип келген жаны 2104 жыл баарыбызга жемиштүү болушуна тилектешбиз.

 Скачать полную версию статьи

Карточные продукты

КАРТА Элкарт

Интернет банкинг

Узнать состояние счета 

Погашение кредита через терминал

24 часа, 7 дней в неделю

Интернет -банкинг

  Единая служба информации

(0312) 443 - 443,

(0312) 330 - 333

Курсы валют на 18.12.17, 13:30
  Покупка Продажа
USD 69.60 69.77
EUR 81.70 82.70
KZT 0.204 0.210
RUB 1.180 1.192

Уважаемые клиенты,

ОАО "ФинансКредитБанк" оставляет за собой право устанавливать индивидуальные курсы, согласно решению уполномоченных органов, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

 

 

Наш адрес: КР, г. Бишкек, ул. Абдрахманова 105

тел.: (312) 30-30-14, 30-35-10, 30-34-87

РЕЖИМ работы:

Понедельник - пятница 9.00 - 17.00, без перерыва;

Суббота - 10.00 - 14.00, без перерыва

ВЕЧЕРНЯЯ КАССА тел. (312) 443 443 (доб. 183) 

Понедельник - пятница 17.00 - 21.00;

Суббота - 14.00 - 21.00;

Воскресенье и праздничные дни - 10.00 - 15.00 час

 

 

 

 

 

 

 

© 2008 ОАО «ФинансКредитБанк КАБ»
Лицензия НБ КР № 047