БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

Интернет-банкинг

Интернет-банкинг
menu
search
close
personОнлайн банка кирүү
Интернет банкинг – банк эсептеринин ээлери үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдүн болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу тутуму. Анын жардамы менен дүйнөнүн каалагандай чекитинде, күндүн жана түндүн каалагандай убагында, эсептер ортосундагы акча которууларды жасоого, мобилдик телефонду толтурууга, кредит үчүн кезектеги салууну жүргүзүүгө ж.б.у.с. аткарууга мүмкүн болот. Булардын бардыгы үчүн Интернетке чыгууга мүмкүн болуучу компьютер, планшет же мобилдик телефон гана керек болот.
Интернет-банкинг – бул туташтыруудагы жана колдонуудагы жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук.
Интернет-банкингдин артыкчылыктары:
  • Убакытты үнөмдөө;
  • Банкта кезек күтүүнүн зарылдыгы жок;
  • Эреже катары, аз каражат коротот;
  • Жеткиликт үүлүгү суткасына 24 саат;
  • Өздүк банк эсептерин комплекстүү башкаруу;
  • Айкын убакыт ыргагындагы эсеп боюнча калдыкты жана жылышуударды текшерүү;
  • Банктын валюталар курстары жөнүндө маалыматты алуу;
  • Акчалай каражаттардын жылышусунун тарыхын басып чыгаруу.
Мүмкүндүктөр:
  • Өз эсептерин Интернет түйүнүнө туташтырылган каалагандай компьютерден алыстан туруп башкаруу;
  • Маалыматты айкын убакыт ыргагында, 24 саат бою дүйнөнүн каалагандай чекитинен алуу;
  • Эсептешүү эсептери менен иш алып баруу;
  • Депозиттер менен иш алып баруу;
  • Кредиттер менен иш алып баруу;
  • Клиринг жана гросс төлөмдөрү;
  • SWIFT төлөмд өрүн түзүү;
  • Филиалдар ортосундагы акча которуулар;
  • Карт-эсептер менен иш алып баруу;
  • Шаблон операцияларды түзүү;
  • Коммуналдык төлөмдөрдү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр агрегаттарынын (Мобильник, Ипей) жардамы менен жүзөгө ашыруу;
  • Банктын валюталар курстары жөнүндө маалыматты алуу;
  • Валюталык-алмаштыруу операциялары (Банк тарабынан белгиленген лимиттердин чектеринде);
  • Эсептер боюнча айкын убакыт ыргагында калдыктарды жана жылышууларды текшерүү.
Операциялардын коопсуздугу
  • Интернет-банкинг программасы Башкы кеңсенин сервердик бөлүгүндө жайгаштырылган жана Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлеринин толук көзөмөлү жана тейлөөсү алдында болот;
  • Банктын Кардарларынын Интернет-банкинг мене ниш алып баруусу учурунда колдонула турган коопсуздуктун зарыл болгон деңгээли тастыкталган. Анын ичинде, Интернет-банкинг менен туташтырууну шифрлөө коопсуздугу, Банктын кардарларынын Интернет-Банкингге кирүү үчүн сыр сөздөрдү шифрлеп сактоосунун коопсуздугу, ошондой эле ЭСК менен байланышкан алгоритмдердин иштөөсүнүн тууралыгы;
  • E-Токен - USB-брелок түрүндөгү, колдонуучуну авторизациялоо, электрондук кат алышууну коргоо, маалыматтык ресурстарга карата коопсуз алыстан туруп кирүү, ошондой эле каалагандай жеке маалыматтарды ишенимдүү сактоо үчүн кызмат кыла турган чакан түзүлүш, ал ошондой эле «ачкыч» деп аталат.
  • Кардар лардын Банктын кызматкерлери менен тике сыяктуу эле, кайтарым байланышы дагы алардын жеке кабинети аркылуу бар болот (ички билдирмелер тутуму).
Туташтыруу тартиби
  • Жеке адамдар жана юридикалык жактар Интернет-банкингдин кызмат көрсөтүүлөрүн туташтыруу үчүн «ФинансКредитБанк» ААКында мурда ачылган банк эсептерине ээ болуулары керек.
  • Интернет-банкинг кызматтарын туташтырууга карата арызды тариздетүү.
  • Интернет-банкинг кызматтарына жеткиликтүүлүк жана тейлөө үчүн келишим түзүү;
  • Кардар Банктын кызматкери тарабынан киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана толуктугун текшерет жана Банктын кызматкеринин катышуусунда документтердин толук пакетине кол коет;
  • Операциялык башкармалы ктын кызматкери Кардарды Интернет-банкинг продукту менен тааныштырат, аны ушул кызматтарга карата сунушталуучу тарифтер жөнүндө, ошондой эле келишимдин шарттары жөнүндө кеңеш берет, Интернет-банкингге туташтыруу шарттарын түшүндүрөт.
  • Андан ары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Кардардын Интернет-банкингиндеги маалыматтары логинди жана сыр сөздү генерациялоо менен киргизилишет.
  • Операциялык башкармалыктын кызматкери Пин-конверттин даяр болуу күнүн маалымдайт (сертификат жана Пин-конверт 5 (беш) жумуш күнү ичинде даярдалат).
  • Операциялык башкармалыктын кызматкери чапталган конвертте Кардардын ID жана ФААсын көрсөтүү менен, анын Интернет Банкингге кирүү үчүн жеке маалыматтарын берет.
Тарифтер

Сейфти ижарага алуу (КНСти эске алуу менен)
Чакан сейф (15x40x30) 1 ай - 750 сом; 2 ай - 1200 сом; 3 ай - 1850 сом; 4 ай - 2450 сом; 5 ай - 3050 сом; 6 ай - 3650 сом; 9 ай - 5500 сом; 12 ай - 7300 сом; Төлөмдү өткөрүп жиберүү (1 күнгө) - 50 сом
Орточо сейф-1 (35x40x40 1 ай - 900 сом; 2 ай - 1700 сом; 3 ай - 2550 сом; 4 ай - 3200 сом; 5 ай - 3950 сом; 6 ай - 4750 сом; 9 ай - 6600 сом; 12 ай - 8000 сом; Төлөмдү өткөрүп жиберүү (1 күнгө) - 60 сом
Орточо сейф -2 (54x40x40) 1 ай - 1050 сом; 2 ай - 2000 сом; 3 ай - 2950 сом; 4 ай - 3650 сом; 5 ай - 4550 сом; 6 ай -5450 сом; 9 ай - 7700 сом; 12 ай - 9500 сом; Төлөмдү өткөрүп жиберүү (1 күнгө) - 70 сом
Чоң сейф(98x20x40) 1 ай - 1200 сом; 2 ай - 2350 сом; 3 ай - 3500 сом; 4 ай - 4650 сом; 5 ай - 5800 сом; 6 ай - 7000 сом; 9 ай - 9350 сом; 12 ай - 11700 сом; Төлөмдү өткөрүп жиберүү (1 күнгө) - 80 сом
Ачкычты жоготуп алуу (КНСти эске алуу менен) 2000 сом
Гарантиялык салым 2000 сом