«ФинансКредитБанк» ААКнун кызматкерлерине ак ниет эмгектери жана ошондой эле банк секторун өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондуктары үчүн, Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылып, 2019 жылдын 8 майында салтанаттуу сыйлык берүү аземи болуп өттү.
Салтанаттын башында, Директорлор кеңешинин Төрөгасы Жакыпов Манас жана Банктын Башкарма Төрөгасы Иманалиев Мырзакунбек, кызматкерлерди Банк кызматкерлер күнү менен куттукташып, жалпы банктын өнүгүүсүнө кошкон профессианалдуу салымдары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Чын жүрөктөн биздин кесиптештерди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз жана аларга мындан ары да чөң ийгиликтерди каалайбыз.