БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

«ФинансКредитБанк» ААКнун эмгек жамааты өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн фондго которууну чечти.

24/03/2020
Unsplashed background img 1
menu
search
close
personОнлайн банка кирүү

«ФинансКредитБанк» ААКнун эмгек жамааты өздөрүнүн бир күндүк эмгек акыларын коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн фондго которууну чечти.

Банктын кызматкерлери мындай чечимди жарандык позициясын билдирүү максатында өз ыктыярлары менен кабыл алышты.

Бир аз мезгил мурда, биз бардыгыбыз бүткүл дүйнө жүзү боюнча бир нече ай бою кулач жайып бара жаткан коронавирус тууралуу  окуялардын байкоочулары эле болчубуз. Тилекке каршы, Кыргызстан бир аз күн мурда аймагында короновирус катталган өлкөлөрдүн катарына кирди. COVID- 19 вирусу адамдардын ден соолугуна эле эмес, мамлекеттик системаларга, бизнес түзүмдөрүнө жана бүтүндөй коомдун башына түшкөн чоң сыноо болууда.

Биздин Банк өзүн социалдык-жоопкерчиликтүү банк деп эсептейт жана Кыргызстанда коомдун жашоосунан тышкары калып кала албайт. Биз  бүгүнкү күндө мекендештерибиз дуушар болгон кырдаалга көңүл кош мамиле кыла албайбыз. Банктын командасы өлкөнү колдоо үчүн бардык күчүн жумшоого даяр жана кубануу менен өз салымдарын кошмокчу. Ошону менен катар, COVID – 19 пандемиясынын глобалдык масштабын жана өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнө тийгизген таасирин эске алуу менен, Банк финансылык абалына өзгөчө кырдаал терс таасирин тийгизген кардарларды колдоо боюнча активдүү чараларды көрүүдө.

 «ФинансКредитБанк» ААК Кыргызстандын эли өлкөдө жаралган татаал кырдаалды биргелешкен аракети менен жеңип, өзүнүн биримдигин жана шериктештигин дагы бир ирет көрсөтө алат деген терең ишеничте.



Бардык кабарлар