ФинансКредитБанк ААК биздин кичинекей бөбөктөрүбүздү “Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттуктайт. Ар бир бала ден-соолугу чың болуп, ата-энесинин мээримине дайыма бөлөнүшүн каалайбыз. Ал эми ата-энелерге кааларыбыз сабырдуулук жана боорукерлик. Балдар биздин жаркын келечегибиз!
Бул күнү, ФинансКредитБанктын башкармасы жана кызматкерлери да биздин кичинекейлерибизге көңүл бөлүп, алардын маанайын көтөргөнгө аракет кылышты. Алар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулуп, аниматорлор катышуусунда шоу-программа, көптөгөн белектерди тартуулашты, программанын аягында таттуу балмуздактар берилди.
Бул күнү биздин балдарга өзгөчө маанай тартуулаганыбызга аябай кубанычтабыз.