БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

Эсептик-кассалык тейлөө

Unsplashed background img 1

menu
search
close
personОнлайн банка кирүү
clear
ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ЭСЕП АЧУУ
“ФинансКредитБанк” ААК жеке жактарга сом жана чет өлкөлүк валюталар менен эсептик-кассалык тейлөө жүргүзөт
Биздин банкта эсеп ачуу артыкчылыктары
  • Мультивалюттук эсеп ачуу (KGS, USD, EUR, RUB, KZT)
  • Эсеп жүргүзүү акысыз
  • Бардык эсептик-кассалык тейлөө операциялары пайдалуу тариф торчосу боюнча сунушталат*
Эсеп ээси үчүн кызматтар
  • Накталай эмес эсептешүү жолу менен алынган акча каражаттарын кабыл алуу
  • Эсебинен акча каражаттарын которуу (которуулар)
  • Накталай кабыл алуу жана берүү
  • Клиринг, гросс жана SWIFT которуулар
  • Салык төлөмдөр
  • Конверсиялык операциялар
  • Эсепке киргизүү менен башка валюталарды банктын курсу менен сатуу жана сатып алуу
  • Талап боюнча банктык аманат (депозит) боюнча эсеп – бул талап кылганга чейин банк аманаты (депозити) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептерди өткөрүү үчүн жеке жак пайдаланган эсеп
Эсеп ачуу үчүн банкка төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
  • Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
    • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
    • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөлүк паспорт), болгондо алардын жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук же туруктуу жашаган жери каттоого коюу жана келген өлкөдө жашап туруу укугунун аныктыгы жөүнндө, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы жөнүндө белгилери;
    • офицердин, прапорщиктин өздүк күбөлүгү же мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети.
  • чет өлкөлүк жарандар үчүн
    • чет өлкөлүк жарандын паспорту же өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ катары Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген же эл аралык макулдашууларга ылайык таанылган башка документ;
    • чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында туруусуна (жашаганга) укугун ырастаган документ: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген жашап туруу укугу, убактылуу жашаганга уруксат, виза же башка документ, качкындар үчүн – качкын күбөлүгү

* Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коллегиалдык органдардын чечими боюнча жекече тарифтерди жана чендерди белгилөө укугуна ээ