БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

Эсептик-кассалык тейлөө

Unsplashed background img 1

menu
search
close
personОнлайн банка кирүү
clear
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ЭСЕП АЧУУ
“ФинансКредитБанк” ААК ишмердиктин түрдүү чөйрөлөрүндөгү корпоративдик кардарларга жогорку дэңгелде эсептик-кассалык тейлөө сунуштайт .
Биздин банкта эсеп ачуу артыкчылыктары
  • Мультивалюттук эсеп ачуу (KGS, USD, EUR, RUB, KZT)
  • On-Line эсеп башкаруу
  • Саат 24-00 чейин эсептерди толуктоо (кийинки күн менен саат 17-00 дөн тартып)
  • Акысыз эсеп жүргүзүү
  • Эсептик-кассалык тейлөөнүн бардык операциялары пайдалуу тарифтик торчо боюнча берилет*
Эсеп ээси үчүн кызматтар
  • Накталай эмес эсептешүү жолу менен алынган акча каражаттарын кабыл алуу
  • Эсебинен акча каражаттарын которуу (которуулар)
  • Накталай каражаттар менен операциялар
  • Накталай кабыл алуу жана берүү
  • Клиринг, гросс жана SWIFT которуулар
  • Салык төлөмдөр
  • Эсепке каражаттарды киргизүү мене накталай жана накталай эмес конверсиялык операциялар
  • Башка валюталарды банктын курсу менен сатуу жана сатып алуу
  • "Нур" төлөм системасы аркылуу эсепти толтуруу
Эсеп ачуу үчүн банкка төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
  • Юридикалык жакты түзүүсүз ишкерлер үчүн патенттин негизинде:
    • Патенттин көчүрмөсү (операцияларды аткарууда жаңыланган патентти берүү);
    • Банктын ыйгарым укуктуу кызматкери күбөлөндүргөн кол тамгалардын үлгүлөрү бар карточка (2 нуска);
    • Паспорттун көчүрмөсү
  • Юридикалык жакты түзүүсүз ишкерлер үчүн күбөлүктүн негизинде:
    • Статистика органдарында ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
    • Статистика органдарында ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
    • СЖН салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү;
    • Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кол тамгалардын үлгүлөрү жана мөөр тагы бар карточка (2 нуска);
    • Салыктык каттоо фактысы жөнүндө салык кызматынын органынын маалым каты ( КР Салык кодексинин 126-беренесине ылайык)
    • Кол тамгалардын үлгүлөрү бар карточкаларда каралган адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • Юридикалык жактар – резидент эместер
    • Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн фирманы юридикалык жак катары каттоо жөнүндө чыккан өлкөнүн соода реестринен көчүрмө же кардарды чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык жак катары каттоону ырастаган башка документ; Оффшордук зоналарда катталган жана ишмердикти 1 жылдан ашык жүргүзүп келаткан юридикалык жактар кошумча certificate of good standing берет.
    • Документтер белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилденген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилдеринде берилиши керек (Апостиль — 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясына ылайык расмий документтерде коюлуучу жана аларды консулдук же дипломатиялык легалдаштыруудан бошотуучу атайын штамп).
    • Эгер документтер төмөндөгү өлкөлөрдө– Азербайжан, Молдова, Армения, Россия Федерациясы, Беларусь, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Украинада түзүлсө, Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер боюнча конвенцияга ылайык, аларды легалдаштыруу талап кылынбайт (1993-ж. 22-январы, Минск). Аталган мамлекеттердин аймагында берилген документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
    • Эгер документтер чет тилде түзүлсө, мамлекеттик же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормону берүү керек.
    • Уставдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (же ишмердик тартибин аныктаган башка документтин);
    • Чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоого жаткан ишмердикти жүргүзүү укугуна лицензиянын мыйзамда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
    • Юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү (эгер бир уюмдаштыруучу болсо)
    • Юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү (эгер бир уюмдаштыруучу болсо)
    • Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү жана мөөр тагы бар карточка (2 нуска);
    • Юридикалык жактын жетекчисинин юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ (уюмдаштыруучулардын же акционерлердин жыйынынын юридикалык жактын жетекчисин шайлоо жөнүндө протоколу, же эгер алар устав менен белгиленбесе, ыйгарым укуктардын көлөмүн аныктоочу уюмдаштыруучулардын же акционерлердин юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечими, мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат);
    • Кол тамгалардын үлгүлөрү бар карточкаларда каралган адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрү.
    • эгер кардардын уюмдаштыруучусу юридикалык жак болсо: Устав, Уюмдаштыруу келишими, Коомду түзүү жөнүндө протокол/чечим, жана катышуучулардын/акционерлердин паспортторунун көчүрмөлөрү.
  • Юридикалык жактар - КР резиденттери:
    • Кол тамгаларынын үлгүлөрү жана мөөр тагы бар ыйгарым укуктуу адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрү;
    • СЖН салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (2008-жылдын 16-майына чейин катталган юридикалык жактарга);
    • Юридикалык жакты статистика органдарында каттоону ырастаган документ - 2008-жылдын 28-апрелине чейин ЭЭЗда катталган юридикалык жактар үчүн;
    • Салыктык каттоо фактысы жөнүндө салык кызматынын органынын маалым каты (КР Салык кодексинин 126-беренесине ылайык)
    • Эсепти ачуу датасына карата акцияларын, баалуу кагаздарын кармоочуларынын реестринен көчүрмө, ошондой эле үлүшү 25%дан ашкан акционерлердин паспортторунун көчүрмөлөрү (ААК, ЖАК үчүн)
    • Пайда көрүүчүнүн (Уставдык капиталда 25 жана андан көп пайыз үлүшкө ээ болгон катышуучулардын/акционерлердин) паспортунун көчүрмөлөрү
    • - эгер кардардын уюмдаштыруучусу юридикалык жак болсо: Устав, Уюмдаштыруу келишими, Коомду түзүү жөнүндө протокол/чечим, жана катышуучулардын/акционерлердин паспортторунун көчүрмөлөрү. • колдонуудагы алыш-бериш эсебин кайра каттоодо, кардар алардын негизинде кайра каттоо өткөрүлгөн бардык ырастоочу документтерди берет.
    • Юридикалык жакты Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү. Эркин экономикалык зонада катталган юридикалык жактар үчүн мындай документ ЭЭЗ Дирекциясы берген Каттоо жөнүндө күбөлүк болуп саналат (ЭЭЗ мөөрүнүн болушу менен);
    • Нотариалдык (2009-жылдын 1-апрелине чейин жана 2010-жылдын 22-январынан тартып катталган финансылык-кредиттик мекемелер үчүн) же мыйзамдарга ылайык нотариалдык күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон учурда юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен Уставдын (Жобонун) көчүрмөсү;
    • Юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөсү (эгер уюмдаштыруучулар бирден көп болсо);
    • Юридикалык жакты түзүү\кайра каттоо жөнүндө чечимдин көчүрмөсү;
    • Чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоого жаткан ишмердикти жүргүзүү укугуна лицензиянын көчүрмөсү (юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлгөн);
    • Төлөөчүгө кабарламанын көчүрмөсү же Социалдык фонддун тиешелүү бөлүмүндө каттоо жөнүндө маалым кат (Соцфонддогу эсептин номерин көрсөтүү менен);
    • Жетекчини жана башкы бухгалтерди дайындоону ырастаган Уюмдаштыруучунун, акционерлердин чечимдери, уюмдаштыруучулардын, акционерлердин жыйынынын протоколу (болсо) же юридикалык жактын акча каражаттарын тескөөгө укуктарын күбөлөндүргөн документтер (эгер бул ыйгарым укуктар Юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимде же Уставда көрсөтүлбөсө);
    • Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кол тамгалардын үлгүлөрү жана мөөр тагы бар карточка (2 нуска);

* Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коллегиалдык органдардын чечими боюнча жекече тарифтерди жана чендерди белгилөө укугуна ээ