Урматтуу кардарлар жана өнөктөр!
«ФинансКредитБанк» ААКу россиянын "Мир" улуттук төлөм картасын кабыл ала баштады. Эми, "Мир" карталарынын ээлери акча каражаттарын биздин бакноматтардан алса болот.
«Мир» картасы – бул орус адистеринин жаңы жана инновациялык эл аралык коопсуздук талаптарга жооп берген иштелмеси болуп саналат. Картаны Россиянын бардык территориясында, жана ошондой эле бул төлөм системасы менен кызматташкан мамлекеттерде, анын катарында Кыргызстанда дагы кабыл алынат.