Акыркы учурда алдамчылык фактылары көп катталууда. Шылуундар банктын кызматкерлеринин кейпин кийип, кардарларга чалышат.
Жаңы схемага ылайык, шылуундар төмөнкүдөй жолдорду сунушташат:
1. Онлайн кызматтары аркылуу башка карталык эсептерге акчаңызды которуу;
2. Интернеттеги товарлар үчүн төлөмдү, нускамасы тиркелген атайын шилтемени сизге жөнөтүү.
Кыраакы мамиле жасаңыз:
• Эч кандай шартта эч кимге айтпаңыз - картаңыздын ПИН-кодун, картанын жарактуулук мөөнөтүн, картанын артындагы үч орундуу CVV / CVC-кодун;
• Белгисиз веб-сайтта эч качан төлөм картаңыздын маалыматын киргизбеңиз - картаңыздын PIN-коду, картанын жарактуулук мөөнөтү, картанын артындагы үч орундуу CVV / CVC-код!
Жеке маалыматтарыңызга жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз. Шылуундар аларды колдонуп, сиздин картаңыздан акча чыгарып алышы мүмкүн.
Сак болуңуздар!