Бул күн аталарыбызга жана апаларыбызга, чоң аталарыбыз менен чоң энелерибизге ыраазычылык сөздөрүн айтуунун эң сонун учуру. Сиздер биздин жарык дүйнөгө келишибизге себепкер болдуңуздар, баа жеткис мурасты, тажрыйбаны сактап бердиңиздер, биз аны келечек муундарга өткөрүп беребиз.
Сиздердин акылмандыгыңыздар, мээримдүүлүгүңүздөр, жашоого позитивдуу көз карашыңыздар жаштар үчүн үлгү болуп келет.
Сиздерге чын жүрөктөн чың ден соолук, жан дүйнөңүзгө тынчтык жана жашоого өчпөс кызыгуу каалайбыз!
Уй булөнүздүн, жакындарыныздын урмат сыйын, балдарыңыздын убайын көрүңүздөр!