Урматтуу кардарлар,
сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн жаңы кызмат ачылды - "O деньги" электрондук капчыгы жана "О" операторунун төлөм терминалдары аркылуу биздин банкта насыяны төлөө жана аманат эсебиңизди толуктоо. Эми биздин банктын филиалына баруунун кажети жок, бул сиздин убактыңызды жана каражатыңызды үнөмдөйт. Төлөм терминалдарынын географиясы абдан кенен, бул колдонмо өтө жөнөкөй.
Бул кандай иштейт?
1. Телефонуңузга "Мой O!" тиркемесин орнотуңуз
2. “О деньги" бөлүмүн ачыңыз
3. "Насыяны төлөө" же "Капчыктар жана банктар" тандаңыз
4. Тизмеден "ФинансКредитБанкты" тандаңыз
5. Банк эсептин номерин жазыңыз
6. Төлөө баскычын басыңыз, акча заматта которулат
Которуу акысы төлөөчүдөн алынат.