«ФинансКредитБанк» ААК бардык мекендештерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!
Кыргыз эли кылымдар бою оор сыноолорду башынан өткөрдү жана бул күнү биз сыймыктанган бай тарыхты тартуулаган ата-бабаларыбыздын жаркын элесине таазим этебиз.
Ата-бабаларыбыз бизге аманат кылган маданият, үрп-адат, жана санжырабызды келечек муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.
Бизди бүгүнкү жыргал заманга алып келген, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн себепчиси болгон ата-бабаларыбызды терең урматоо менен эскеребиз.
Баарыбызга стабилдүүлүк, тынчтык жана сүйүктүү Кыргызстаныбызга гүлдөп өнүгүү каалайбыз!