“ФинансКредитБанк” ААК жаңы жылда жаш муунга белек берүүнү салтка айландырган. Финансылык уюм айрыкча өлкөбүздө билим берүү тармагын колдоп, өркүндөтүүгө көмөктөшүп келет.
Жаңы жылда жакшы тилектер менен ФинансКредитБанк борбор калаабыздагы №-11 орто мектепте окуган 400 балага өзгөчө белектерди татууларды. Ал эми мектепти спорттук инвентарлар менен байытып, эмгек жамаатынын да бир кыйла көңүлүн көтөрдү. Көздөрү кубанычка толгон майрамдык маанайдагы кичинекейлер, алардын ата-энелери, мектеп жамааты ФинансКредитБанктын жетекчилигине ыраазычылык билдирип кубанышты.
ФинансКредитБанк кайрымдуулук акцияларын байма-бай өткөрүп, коомчулук менен тыгыз байланышта ишмердигин жүргүзүп келет. Керек учурда калктын калың катмарынын эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жардам берип келүүдө.