27-июлда туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Банктын акционерлери уставдык капиталды 170 миллион сомго кошумча көбөйтүүнү чечишти.
«ФинансКредитБанк» ААК документсиз түрдө жөнөкөй аталыштагы акцияларды жеке чыгаруу аркылуу уставдык капиталын 880 миллион сомго чейин көбөйтөт. Мындай чечим банктын акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алынды.
«ФинансКредитБанктын» жетекчилиги көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга, тейлөө сапатын жогорулатууга гана эмес, банкты системалуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурат.