Биздин Банк Кыргызстандын коомдук турмушунан четте калбайт, ар түрдүү позитивдүү жана социалдык жактан маанилүү окуяларды колдоого алат.
16 март 2019 жылы, президенттин жарлыгы менен өлкөдө жалпы республикалык ишембилик болуп өттү.
Ишембиликтин алкагында, "ФинансКредитБанк" ААК кызматкерлери, Бишкек көчөлөрун тазалашты жана таштандыларды чогултушту. Свердлов районуна караштуу аймакты, Чүй пр. жана Чолпон-Ата көчөлөрү кесилишинен баштап, Ауэзов көчөсүнө чейин банк кызматкерлери биргеликте тазалашты.
"ФинансКредитБанк" ААК шаарды таза кармоого, таштандыларды таштабоого жалпы шаар тургундарын жана меймандарын чакырып кетет.