8 -14 апрель 2019 жылы, республикада, Кыргыз республикасынын Улуттук банкы, КР коммерциялык банктары жана ошондой эле көптөгөн коомдук жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен, «Үйрөн. Топто. Иштеп тап» чакырыгы алдында Дүйнөлүк акча жумалыгы болуп өттү. Иш-чаранын максаты - жаштарды акча каражатын туура пайдалануу, үнөмдөөгө үйрөтүү, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
Бир жума ичинде «ФинансКредитБанк» ААКнун кызматкерлери, Ош жана Каракол шаарларында, Араван айылында, мектеп окуучулары үчүн ачык сабактарды өткөрүштү.