БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

БАНК ТУУРАЛУ

Unsplashed background img 1

menu
search
close
personОнлайн банка кирүү

Банк тууралу

«ФинансКредитБанк КАБ» ачык акционердик коому 2005-жылы негизделген. 2005-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан Кыргызстанда «ФинансКредитБанк» ААКын ачууга карата алдын ала уруксат берилген. Керектүү документтер пакетин даярдоо жана каттоо процесси аяктагандан кийин, 2005-жылы 30-декабрда ФинансКредитБанк КРУБдун банк ишмердигин жүргүзүү укугуна карата лицензиясын алган. Берилген лицензия, инвестициялоону кошо алуу менен, банк операцияларынын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 2006-жылдын 6-февралынан тартып, «ФинансКредитБанк» ААКы кардарларды тейлөө боюнча толук кандуу иш алып баруусун жүргүзө баштаган.

«ФинансКредитБанк» ААКы оптималдуу пайыздык чендер, максималдуу ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин сунуштоочу заманбап банк болуп саналат. Банк бизнести өстүрүү арымдарын өнүктүрүүнүн активдүү саясатын жүргүзөт жана Жакынкы эки жылдын ичинде КРнын коммерциялык банктарынын арасындагы лидерлер тобуна чыгууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күнгө карата, «ФинансКредитБанк» ААКынын филиалдык түйүнү Кыргыз Республикасынын алты негизги областтарында жайгаштырылган алты филиалдан жана 14 сактык кассаларынан турат.

Банктын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп өзүнө керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттөөнү, ошондой эле депозиттик рынокту өнүктүрүүнү камтып турган чекене бизнести өнүктүрүү эсептелет. Андан тышкары Банкта башка дагы бизнес багыттары: корпоративдик бизнес, ошондой эле чакан жана орто бизнес чөйрөлөрү өнүгүп келе жатышат.

Бүгүнкү күндө, Банк Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ири банктарындагы корреспонденттик эсептерге ээ. келечекте Түндүк Американын, Европанын, Азиянын эл аралык белгилүү банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү пландаштырылууда.

Миссиясы

Банктын Миссиясы — бардык Кардарларга банк продукттарынын комплексин жана кызмат көрсөтүүлөрдү эң жогорку деңгээлде сунуштоо.

Башкы принцип — анын негизинде өз ара өнүктүрүү жана өнөктүштүк турган банк менен анын Кардарларынын ортосундагы ишеним. Миссиясы, банктын бүткүл жамаатынын ишмердигинин негизги жүйөөлөрү активдүү жаратуу жана пайдалуулук болушу керектигин аныктап турат. Кардарлардын керектөөлөрү – өнүгүүгө карата биздин стимулубуз, биз – интенсивдүү өнүгүү процессиндеги таканчык чекитибиз. Биздин ынанымыбыз болуп, бизнес, качан анын бардык катышуучулары утушта калган кезде гана мааниге ээ боло тургандыгы эсептелет.

Банктын философиясы гармония, акыйкаттык, саясатка аралашпоо, ишеним, өнүгүү жана аң-сезимдүүлүк принциптеринде базаланат. Өз ара мамилелердин гармониясы – банктын ичинде сыяктуу эле, анын тышкы курчоосу менен дагы – акыйкаттыкты, ишенимди жана саясатка аралашпоону талап кылат. саясатка аралашпоочулук – каалагандай саясий агымга ААКын болуу күнүмдүк милдеттерди чечүүдөн алаксытып тураарын түшүнүүнүн жыйынтыгы. Мамилелердеги ишеним жана акыйкаттык аң-сезимдүүлүк аркылуу калыптандырылат. Аң-сезимдүүлүк болсо өзүнүн үстүнөн, утурумдук күн сайын болуучу банктын өнүгүүсүнүн үстүнөн туруктуу иш алып баруу менен жетишилет. Реалдуу өнүгүү, качан чыр-чатактарды жана карама-карлышыктарды болтурбай турган гармониялуу өнүгүү бар учурда гана мүмкүн болот.

Төраганын кайрылуусу

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздерди Банктын жаңыртылган расмий сайтынан тосуп алуудабыз!

«ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому өз ишмердигин 2005-жылдан тартып жүргүзүп келет. «ФинансКредитБанк» ААКы банк кызматтарын оптималдуу тарифтер, жгорку ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча сунуштап турган заманбап банк болуп эсептелет. Биздин Банкыбыз финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин сунуштап жаткан заманбап банк болуп саналат: коммерциялык жана керектөөчүлүк кредиттөө, комплекстүү эсептик-кассалык тейлөө, мөөнөттүү депозиттер, Валютасы алмаштыруу операциялары, акча которуулар, сейф депозитарийи. Банктын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп өзүнө керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттөөнү камтыган чекене бизнести өнүктүрүү, банк кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан туруп тейлөө жолу менен сунуштоо саналат.

Биздин максатыбыз кардарга банк кызмат көрсөтүүлөрүн алуу учурунда мүмкүндүктөрдү максималдуу тандоону сунуштоо. Биз болгон ишенимдүүлүк менен, кардарга багыт алуу жана кесипкөйлүк – туруктуу өнүгүүнүн күрөөсү жана биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз экенин айта алабыз. Биздин Банк Кыргызстандын коомдук турмушунан четте калбайт, ар түрдүү позитивдүү жана социалдык жактан маанилүү окуяларды колдоого алат.

Биз өзүбүзгө көрсөтүлгөн ишеними жана колдоолору үчүн бардык кардарларга жана өнөктөштөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз мындан аркы өз ара пайдалуу боло турган кызматташууга ишенебиз. Өзгөчө ыраазычылыкты алардын кесипкөйлүгү жана ишке болгон чыгармачыл мамилеси Банктын ийгиликтүү өнүгүүсүнө шарт түзүп жаткан Банктын кызматкерлерине айтабыз.

Бул кайрылуу биздин ынтымактуу командабыздын идеологиясын чагылдырат деп ишеним менен айта аламын.


«ФинансКредитБанк» ААКынын Башкармасынын Төрагасы

Банк Башкармасы

%d0%91%d0%b5%d0%b7%d0%b8%d0%bc%d0%b5%d0%bd%d0%b8 3 %28%d0%ba%d0%be%d0%bf%d0%b8%d1%8f%2911
Альчиев Эрмек Карагулович
Башкармалыктын Төрагасы

e-mail:fkb@fkb.kg

phone+996 (312) 386 410
Img 914711
Сулайманов Автандил Алякбарович
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

e-mail:fkb@fkb.kg

phone+996 (312) 386 410
Img 917911
Алымбаев Артык Токтоназарович
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

e-mail:fkb@fkb.kg

phone+ 996 (312) 443-443
Img 921411
Базарбаева Гулнура Касымбековна
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

e-mail:fkb@fkb.kg

phone+996 (312) 443 443
Img 912811
Эрнис кызы Алима
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

e-mail:fkb@fkb.kg

phone+996 (312) 386 410

Директорлор кеңеши

Missing
Мурзабеков Эркебай Рустамович
Директорлор кеңешинин төрагасы
Img 928911
Джакупбекова Чынара Насеровна
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Img 922611
Турдалиева Гульмира Мамажановна
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Img 925311111
Айдаров Арстанбек Джаныбекович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Missing
Самакова Асель Кадыркуловна
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Missing
Сарбанов Санджар Болотович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Missing
Касымбекова Асель Ооматбековна
Директорлор кеңешинин мүчөсү

Акционерлер

01.04.2020-ж. карата «ФинансКредитБанк» ААКынын баалуу кагаздарын кармоочулар реестрине ылайык акционерлер тизмеси

1. ЗАО "Страховая компания "А плюс"

2. ЗАО "Фондовая биржа Кыргызстана - Биржевая торговая система"

Корреспонденттик түйүн

«ФинансКредитБанк» ААКынын «НОСТРО» эсептери боюнча банк-корреспонденттеринин тизмеси, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы SWIFT:FIKBKG22

Банк корреспонденти SWIFT коду Валютасы Корр. эсептин номери Дареги
ОАО «Юнибанк» UNIJAM22 USD
EUR
RUB
CNY
AMD
24100584711601
24100584711602
24100584711603
24100584711604
24100584711600
0025, Армения Республикасы, Ереван, Чаренц 12, № 53, 1–5
АК «Алокабанк» JSCLUZ22 USD
EUR
UZS
21002840100090266001
21002978900090266001
21002000500090266001
100047, Ташкент ш., Мирабад району, Амир Темур проспектиси, 4
Aktif Yatirim Bankasi A.S. CAYTTRIS USD
EUR
TRY
TR100014300000000012568760
TR200014300000000012568774
TR220014300000000012568835
Стамбул, Түркия
NUROL INVESTMENT BANK Inc. NUROTRIS TRY
USD
EUR
CNY
TR750014100000044127009001
TR480014100000044127009002
TR210014100000044127009003
TR910014100000044127009004
Стамбул, Туркия
Zhejiang Chouzhou Commercial Bank, Hangzhou, China CZCBCN2XXXX USD
EUR
CNY
15601142320800002585
15601382320800001735
15601012320890002617
Hangzhou Shangcheng District Wangchao Road No.158 ChouYin
АО «Банк ЦентрКредит» (Bank CenterCredit (BCC)) KCJBKZKX USD
RUB
EUR
KZT
KZ738562013234804873
KZ168562013334804848
KZ258562013234804864
KZ988560000000525424
Казакстан Республикасы, Алматы ш., Аль-Фараби, 38

Реквизиттери

Толук аталышы: «ФинансКредитБанк» ААКы
Жайгашкан жери: Бишкек ш., Кыргыз Республикасы
Почта дареги: 720021, Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105
ИНН: 00812200510186
БИК: 134001
Корp/эсеп: КРУБдагы 1013810000490186
ОКПО коду: 23987776
SWIFT: FIKBKG22
Telex: 245155 FCKAB KH
Эл.почтасы: fkb@fkb.kg
Интернет-сайты: www.fkb.kg

Жарандарды кабыл алуу графиги

Башкы Банкта
Альчиев Эрмек Карагулович
Башкармалыктын Төрагасы
Шейшемби, Бейшемби
15:00 дөн 17:00 гө чейин
Бишкек ш., Усенбаев көч., 2
Сулайманов Автандил Алякбарович
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары
Дүйшөмбү—Жума
дүйшөмбү - 09:00 дөн 17:00 чейин, шейшемби, бейшенби, жума - 09:00 дөн 12:00 чейин, шаршенби - 14:00 дөн 17:00 чейин
Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 2
Алымбаев Артык Токтоназарович
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

Дүйшөмбү - Жума 9:00 - 17:00, Шаршемби 14:00 - 17:00
Бишкек ш, Абдрахманов көч, 105
Базарбаева Гулнура Касымбековна
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары

Дүйшөмбү - Жума 9:00 - 17:00, Шаршемби 14:00 - 17:00
Бишкек ш., Абдрахманов көч.,105
Эрнис кызы Алима
Башкармалыктын Төрагасынын орун басары
Дүйшөмбү—Жума дүйшөмбү - 09:00 дөн 17:00 чейин, шейшемби, бейшенби, жума - 09:00 дөн 12:00 чейин, шаршенби - 14:00 дөн 17:00 чейин
дүйшөмбү - 09:00 дөн 17:00 чейин, шейшемби, бейшенби, жума - 09:00 дөн 12:00 чейин, шаршенби - 14:00 дөн 17:00 чейин
Бишкек ш., Усенбаев көч., 2
Филиалдарда
Сатиева Г.С.
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Нарын"
г.Нарын ул.Ленина д.53 кв.2
Махмудов М.Н.
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Араван"
с.Араван ул. Ош-3000, 8-а
Батырканов Э.Б.
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Каракол"
г. Каракол, ул. Торгоева, д.№38/1 (возле центрального рынка)
Токтоболотов А. О.
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Жалал-Абад"
г.Жалал-Абад, ул. Ленина 41, б/н (ориентир- кафе "Абдыкаар-Ата")
Оторбеков Азамат Джумабекович
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Кара-Балта"
Чуйская обл. г.Кара-Балта ул. Жайыл Баатыра 269
Байтемиров А.А.
Директор филиала
Дүйшөмбү—жума
09:00 дөн 12:00 чейин
Филиал "ФинансКредитБанк - Ош"
г.Ош, ул.Раззакова 14

Банктын Кардарлары Банктын Уставы жана лицензиялары менен Банктын тейлөө пункттарынан таанышуу укугуна ээ болушат. Даттануу бар болгон учурда, кардарлар төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрыла алышат:996 (312) 443 443. "ФинансКредитБанк КАБ" ААКындагы кардарлардын кайрылууларын жана даттанууларын карап чыгуу жөнүндө” жол-жобосу

Улуттук банктын областык башкармалыктарынын даректери

Областык башкармалык Дареги Телефон номери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек ш., Чуй, пр., 168 (0312) 615278
Ош областык башкармалыгы Ош ш., Курманжан Датка көчөсү, 119 (03222) 48463
Нарын областык башкармалыгы Нарын ш., Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6 (03522) 50472
Ысыккөл областык башкармалыгы Каракол ш., Токтогул көчөсү, 265 (03922) 51253
Жалалабат областык башкармалыгы Жалалабат ш., Эркиндик көчөсү,13, (03722) 23884
Талас областык башкармалыгы Талас ш., Бердике Баатыр көчөсү, 291, (03422) 52377
Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Баткен ш., Т. Садыков №3 (03622) 50446

FATCA

Банктын өнөктөштөрү үчүн маалымат: АКШнын чектеринен тышкары АКШнын резиденттери тарабынан алынып жаткан кирешелерден алынуучу салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу максатында, 2010-ж. 18-мартында АКШда «Чет өлкөлүк эсептерге салык салуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган (FATCA).

FATCA жоболоруна ылайык, алардын ичине «ФинансКредитБанк» ААКы (мындан ары Банк) дагы кире турган чет өлкөлүк финансы мекемелери (FFIs), 01.07.2014-ж. тартып америка салык төлөөчүлөрүнүн, Банктын кардарлары жеке адамдардын эсептериндеги калдыктар жана операциялар жөнүндө маалыматтарды АКШнын Ички кирешелер кызматына (IRS) ачып көрсөтүүгө милдеттүү.

Ушул сунуштоолорго ылайык, «ФинансКредитБанк» ААКы, Кыргыз Республикасынын бардык банктары сыяктуу эле, IRS менен макулдашууга кошулган жана Банкка GIIN (Global Intermediary Identification Number) ыйгарылган: E7E0WA.99999.SL.417.

FATCAга катышпоо төмөнкүдөй олуттуу тобокелдиктерге ээ:

  • IRS жана F ATCAнын катышуучулары болгон чет өлкө финансы уюмдары тарабынан 2014-ж. 1-июлунан тартып FFIsке кабышпагандар же баш тарткандар тарабынан жүзөгө ашырылуучу белгилүү төлөмдөрдөн 30%-дык салык (жазапул) кармоо түрүндөгү санкцияларга байланышкан тобокелдиктер;
  • АКШнын банк-коррес понденттери менен кызматташууну токтотууга байланышкан тобокелдиктер.
  • FATCA FFIs кат ышпагандар эл аралык коомдоштукта, салыктарды төлөөдөн, кылмыштуу жол менен алынуучу акча каражаттарын адалдаштырууга байланышкан кылмыштарга тартылышы мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдик контрагенттери катары каралышат.

"ФинансКредитБанк" ААКынын FATCAга катышуусу, FATCAга катышуудан баш тарткан же катышпаган, FFIsтин пайдасына же ал аркылуу жүзөгө ашырылган Кардарлардын чыгыш төлөмдөрүнөн 30%-дык салыкты (жазапулду) кармап калуу тобокелдигин алып салбайт, ушуга байланыштуу которууну жүзөгө ашыруунун алдында, FATCAга банка-бенефициардын, банка-ортомчунун катышуусу жөнүндө маалыматты http://apps.irs.gov/app/fatcaFfiList/flu.jsf шилтемеси боюнча тактап алуу зарыл болот.

Комплаенс көзөмөлү

Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн маалымат:
Банкты мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо үчүн курал катары пайдаланууга, ошондой эле Банктын ишкер аброюн жана анын кардарларын коргоо максаттарында, «ФинансКредитБанк» ААКында Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 «Терроримзди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жана КРУБдун ченемдик актыларынын бардык талаптарына жана ченемдерине шайкеш келе турган «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички көзөмөлдүк саясаты (ПОД/ФТ)» аракетте.

Банктын ПОД/ФТ боюнча аракеттеги Саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет. Саясаттын негизинде Банкта ПОД/ФТ боюнча ички көзөмөлдүк тутуму аракеттенет, анын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана системалаштыруу;
  • «Өз кардарыңды бил» принциби – Банктын кардарларын талап кылынуучу документтердин жана анкета маалыматтарынын негизинде идентификациялоо жана изилдөө;
  • Кылмыштуу жол менен алынга н кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого байланышкан операцияларды аныктоо жана алдын алуу;
  • Банктын кызматкерлерин систе малуу окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Банктын бардык кызматкерлеринин кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ишине катышуусун камсыздоо;
  • Программалык камсыздоону шектүү кардарларды жана операцияларды, ошондой эле милдеттүү көзөмөлдөнүүгө тийиштүү болгон операцияларды өз убагында аныктоо максаттарында өркүндөтүү;
  • Маалыматты до кументалдык каттап коюу, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды колдонуунун жыйынтыгында алынган маалыматты жана документтерди сактоо;

Ички көзөмөлдүк тутумун уюштуруу жана Саясат тарабынан белгиленген максаттарга жетишүү үчүн, Банкта Комплаенс бөлүмү иштейт.

«ФинансКредитБанк» ААКы «банк-кабыкчалар», оффшордук зоналарда жана ФАТФ сунуштарын колдошпогон бир катар өлкөлөрдө катталган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзбөйт.

Урматтуу өнөктөштөр,
эки тараптуу корреспонденттик мамилелерди түзүү учурунда чыгымдарды жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максаттарында, «ФинансКредитБанк» ААКы «Өз кардарыңды бил» стандартташтырылган маалыматтар менен коопсуз алмашуу үчүн http://www.swift.com/ сайтында https://www.swift.com/our-solutions/compliance-and-shared-services/financial-crime-compliance/the-kyc-registry шилтемеси боюнча табууга болот.